www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Кытайдын ортосундагы тирешүү күч алды

АКШ, Улуу Британия жана Канада Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районундагы (ШУАР) уйгур жана башка мусулман азчылыктарынын жамаатттарынын адам укуктарын бузгандыгы үчүн кытай төбөлдөрүнө жана компанияларына каршы чектөө (санкция) жарыялоо боюнча Европа Биримдигинин аракеттерине кошулду.

ШУАРдагы адам укуктары күчөтүлө тепселип жаткандыгы улам жаңы далилдер менен тастыкталып жаткан чакта, 22-мартта Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Бээжинге кысым көрсөтүү үчүн «жигердүү дипломатиянын» бир бөлүгү деп эсептеген биргелешкен иш-аракет жүзөгө ашырылды.

Европа Биримдигинин чектөөлөрү төрт кытайлык төбөлгө жана бир курулуш компаниясына киргизилгендиктен, Бээжин жооп катары 10 европалык төбөлгө өз чектөөлөрүн киргизген.

Рааб мырза Улуу Британия, АКШ жана Канада тарабынан киргизилип жаткан чектөөлөр токтоосуз күчүнө киргизилет, КЭРдин төрт аткаминерине саякаттоого тыюу салынат жана алардын мүлктү тоңдурулат, деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости