www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев түштүк регионун көзөмөлдөйт делген «Дженго» каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновду кантип кармаганы туурасында айтып берди.
Учурда ал чек арадагы кырдаал боюнча Баткен облусунун тургундары менен жолугуп жатат.
Ташиевдин айтымында, чекисттер «Дженгону» кармоо үчүн үч ай бою артынан аңдып жүргөн.
«Аны кармайын десең эле Баткен аркылуу Тажикстанга кирип кетет. Бир канча убакыттан кийин кайра Кыргызстанга чыгып келет. Кармайын десең дагы Тажикстанга кирип кетет. Акыры Тажикстандын УКМК төрагасы менен сүйлөшүп, чек арасынан кууп чыгартып анан кармадык», — деди Ташиев.
Эске сала кетсек, кылмыш дүйнөсүндө аты чыккан өкүлдөрүнүн бири Кадырбек Досонов кармалып, 12-февраль күнү камакка алынган. Ага өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган болчу. Жакында эле кримтөбөлгө эч жерде иштебей туруп байлык топтогону үчүн мыйзамсыз кирешелерин адалдаштырган деген айып тагылды.
УКМК Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси сыяктуу көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын билдирди.
Булак: NazarNews.kg