www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда ханзаада Жоржду жана падышалык үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн балмуздак менен ууландырууну көздөгөн адам 28 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Сахайб Абу аттуу жаран коронавирус пандемиясы учурунда адам өлтүрүүнү пландап жаткандыгы белгилүү болуп, полиция тарабынан кармалган. Тергөө учурунда ал ханзаада Жоржду жана башка падышалык үй-бүлөнүн өкүлдөрүн ууландыруу максаты болгонун айтып берген. Кылмышкердин планы боюнча жакынкы супермаркеттеги балмуздакка уулуу зат кошуп, аны үй-бүлө мүчөлөрү сатып алышы керек болчу. Белгиленгендей, Абунун ою ишке ашкереленип, былтыр 9-июлда камакка алынган. Жорж ханзаада Уильям жана Кейт Мидлтондун уулу. 8 жаштагы Жорж балмуздакка болгон сүйүүсү менен белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости