www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Чек ара меселелерин чечүү талабы менен активисттер өкмөткө, президентке кайрылууда. Көптөн берки көйгөйдү чечүүгө бүгүнкү бийликтин дарамети жетеби?

- Азыркы бийликти көпчүлүк эл шайлаган. Бир аз күтүү керек. Аткени, чек ара маселеси өтө оор, Көп убакытты талап кылат.

- Негизи эки тарап жай отуруп, кеңешип, такташып алууга болобу?

- Ал үчүн эки тарап бекиткен график менен тынбай иштеш керек. Тилекке каршы, убакыт тажиктерге иштеп жатат.

- Митингге чыккандардын айтымында, чек ара маселесин жергиликтүү чиновниктер саясатташтырып алган экен. Мунун чындыгы барбы?

- Андай ири фактыларды тийиштүү органдар текшериш керек.

- Мамлекеттик кызматтагы адамдардын чектеш аймактардагы жерлерди саткан учурлары да болгонбу?

- Мен да ошондой уккам. Аны тийешелүү органдар териштириш керек эле...

- Тажик тарап ар түрдүү методдор менен улам бери көздөй жылып келе жатканы жөнүндө да айтылды. Бул тууралуу эмне дейсиз?

- Бул тажиктердин методу. Алар СССРдин убагында эле ушундай эле.

- Дайыма эле чыр чыкканда эки тараптуу сүйлөшүү жүрөт. Бирок, иш андан ары жылбайт. Себеп?

- Анын себеби, биздин жетекчилердин боштугу, кызыкпагандыгы, терең маани бербегендигинде.

- Көк-Таш жана Ак-Сай айылдарында тажик тараптагылар бак тигип, үй салып жаткандары айтылууда. Жалпысынан кошуна жак биротоло отурукташып алган айылдар барбы?

- Баткен районунун территориясында тажиктердин үч чоң айылдары (Ворух, Мачаи, Көк-Таш) бар. Азыркы чыр окуя болсо Көк-Таш айылы менен Төрт-Күл суу сактагычынын аралыгындагы Баткен-Лейлек (Исфана) жолунунун жанындагы кыргыздын жерлерин тажиктер өздөштүрүп жатканына байланыштуу чыгууда.

- Чек ара маселесин тезирээк чечип алуунун сиз билген жолдору жана сунуштары кандай?

- Жолдору, сунуштары, варианттары бар. Бирок, аны уккан, аракет кылып иштеген бирөө жок.

Булак: Азия News гезити

 

Последние новости