www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районунун Майдан айылында кечээ жергиликтүү тургундар кытайлык компания иштетүүгө киришип жаткан "Шамбесай" кенинин ачылышына каршы нааразычылык акцияга чыгышкан. Карапайым калк кытайлык компаниядан экологиялык эрежелерди сактоону талап кылышкан. Митинг учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери аталарды, апаларды сүйрөп, күч колдонуп жаткандыгын айгинелеген видео соцтармактарда кызуу талкууга алынууда. Биз бул маселе боюнча "Ата Журт" мекенчил саясий партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин пикирин сурап кайрылдык.

К. Ташиевдин айтымында, албетте, мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу негизги шарт болуп эсептелет:

- Бирок, ошол мыйзамды сактоо аракетинен кайра эле мыйзам бузуу келип чыкса, анда мыйзамды аткарууга аракет кылгандар жазаланышы керек. Кечээ дал ушундай окуяга күбө болдук. Мен башынан эле кытайлардын биздин жаратылышты талкалап, кендерибизди казып алып жатканына каршы болуп келем. Буга чейин да Ала-Бука жана Чаткал райондорунда кытайлык компаниялардын биздин жаратылышка келтирип жаткан орду толгус зыяндуу ишмердүүлүгүнө каршы нааразычылыктар болуп, анда да укук коргоо органдарынын жергиликтүү калкка карата зомбулугуна күбө болгонбуз.

Ал эми кечээги Кадамжайдагы өз элибизди тепкилеп, энелерибизди сүйрөп жүргөн наадан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жазалаш керек. Мына ошол кытайлардын байышына, мамлекеттин тонолушуна шарт түзүп, өз элибизди тебелеп-тепсетип карап олтурган бийликке нааразычылык билдиремин. Керек болсо бардык мекенчил жарандар биригип, кытайлардын кылмыштуу иштерине каршылык көрсөтүүгө өтүшүбүз керек. Элдин нааразычылыгына карабастан, өз билгенин жасаган инвестордон кыргыз элине эч кандай пайда жок.

Булак: "Саясат"

Последние новости