www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Камчыбек Ташиев Өзбек Республикасынын премьер-министри А.Ариповдун Сох айылынын жашоочулары менен болгон жолугушуудагы айткан сөзү боюнча өз пикирин билдирди. Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Урматтуу эл журт! 01.06.20. күнү Өзбек Республикасынын премьер-министри А.Ариповдун Сох айылынын жашоочулары менен болгон жолугушуудагы айткан сөзүнө мен жооп берүүнү чечтим.

Себеби, биздин Өкмөттүн жооп берүүгө чамасы келбей калган окшойт. Кыргызстанда мамлекеттин, жердин жана бийликтин ээси Кыргыз эли, а мен ошол Элдин мекенчил атуулумун! Коңшу Өзбек республикасынын Өкмөт башчысы мырза А.Арипов, угуп, анан түшүнүп алыңыз;

1. "Чечме" айлындагы суу булагы Кыргызстандын аймагында жайгашкандыктан, коңшу мамлекеттин жарандарына макулдашуу аркылуу гана бере алабыз.

2. Сох айылына суу, жер жетпегендин себеби, ошол территорияда жашаган элдердин өтө тездик менен көбөйүп кеткендигинде, алар көбөйгөн сайын сууларыбызды, жерлерибизди аларга бере албайбыз, өзүбүзгө жетишпейт. Ашыкча элиңиз болсо Өбекстанга көчүрүп кетиңиз, а биз болсо бир метр жерибизди бербейбиз!

3. Биз болуп өткөн окуя боюнча кечирим сурабайбыз! Алар булагыбызды тазалоо учурунда өзбек жарандары келип кол салышкан жана биринчи үйдү алар күйгүзүшүп, кыргыз жарандарын ур-токмокко алышкан. А биздин атуулдар бир канча убакыттан кийин топтолуп келишип гана «катылгандын катыгын» беришкен. Биз Өзбек элин, мамлекетин сыйлайбыз жана тең ата сүйлөшүүгө милдетүүбүз!

4. Сох-Риштан жолун ачуу боюнча эч кандай юридикалык документти көргөн жокпуз. Анда эмне үчүн Кара-Суу районунун территориясында жайгашкан Кыргызстандын «Барак» айылын толук блокада кылып жок кылдыңар?! "Кыргызстандан чыккан суулар Кудайдыкы" деп айтыпсыз, анда Өзбекстандан чыккан газды да ошол оюңуз менен бизге бекер бериңиздер.

5. Биз Өзбек мамлекети менен Кудай кошкон коңшубуз. Ошондуктан, үстөмдүк кылуу саясаты эки өлкөгө тең абийир жана жакшылык алып келбейт", - деди Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости