www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радио жыштыктар менен болгон ишине экономика боюнча орун басары Эркин Асрандиевди да тарткан сыяктуу. Учурда ушул иштер боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек өргүүсүндө эс алып жүрөт. Ал эми маалымат беттеринде өкмөт жетекчилери «Верный капитал» компаниялар тобунун башкы директору Ерлан Оспанов жана «Скай Мобайл» ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен жолугушкан деген маалымат тараган. Бул айтылган сөз чын экенин өкмөттүн маалыматчылары билдиришти.

2020-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиевдин жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин «Верный капитал» компаниялар тобунун башкы директору Ерлан Оспанов жана «Скай Мобайл» ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен Кыргыз Республикасындагы «Скай Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча жолугушуусу өткөн. Жолугушуу учурунда негизинен салык жана радио жыштыктар маселелери талкууланган. Ошондой эле «Скай Мобайл» компаниясынын радио жыштыктарды сатып алуу темасы да козголгон. «Верный капитал» компаниясынын башында белгилүү казак ишмери Булат Утемуратов турганы белгилүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости