www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады, деп билдирди 6-февралда комитеттин басма сөз кызматы.
Расмий маалымат боюнча, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү А.Р.Б. «опузалап 120 миң сом акча алып жаткан учурда» кармалган.
Тергөөдөгү маалымат боюнча, шектүү Жалал-Абад шаарынын жашоочусунан 2 млн 900 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып коркуткан. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (опузалап акча талап кылуу) менен катталды.
Шектүү 12-мартка чейин УКМКнын абагына камакка алынып, тергөө уланып жатат.
Булак: NazarNews.kg