www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштык бийликке сыноо болсо, карапайым калкка оор жагдай жаратты.
Светтин күнүнө 3 маалдан өчкөнү ишкерлерди дагы бушайманга салды. Өндүрүш солгундады. Бул көрүнүш экономикага өз таасирин тийгизди.
"Токтогул" суу сактагычындагы суунун көлөмү февраль айында 9 миллиард метр кубга түштү. Күндүн жылышына алдыда дагы эки айлык убакыт бар. Ага дейре сууну үнөмдөп сарптабаса, 6 миллиарддык өлүк чекке жетсе, гидроагрегаттар иштен чыга турган кооптуу абалга жетет.
Өкүнүчтүүсү, тыштан алган карыздын көбү дал ушул энергетика тармагын жаңылоо үчүн жумшалган. Бирок абалыбыз чеке жылытпай жатканы зээнди кейитпей койбойт. Туташ коррупция.
Бүгүнкү күндө дагы Өкмөт энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банктан 50 миллион АКШ доллары насыя алып жатат. Анан Садыр Жапаров бийликке келгенден бери энергетика тармагына карыз алган жок деген манипуляция суу кечпейт.
Мына энергетика тармагындагы коррупциядан мамлекетке келтирилген материалдык зыян 878 млн сомду түзүп, 163 прокурордук акт түзүлүп, 46 кылмыш иши козголуптур.
Кылмыш иштеринин көбү мамлекеттик сатып алуулар, мыйзамсыз баюу, электр энергиясын уурдоо жана өндүрүлгөн электр энергиясын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу экенин Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
Булак: NazarNews.kg