www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка жулкунгандар баягы эле, атадан балага, туугандан тууганга өткөн мурастай эле ээлеп алган жүздөр. Мындай пикирди экс-министр, саясатчы Камила Талиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
--“Бүгүнкү күнү, Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка жулкунгандар баягы эле, баягылар. Атадан балага, туугандан тууганга өткөн мурастай эле ээлеп алган жүздөр келе жаткандай. Баары эле өз бизнестерин коргоо үчүн, таасирлерин бекемдөө үчүн эле жулкунушканын иш жүзүндө көрсөтүштү го, бир канча жылдан бери “эл депутаты” болуп отурушуп... Шаарыбыздын келечеги үчүн, шаардын өнүгүшү үчүн эмгек кыла турган партия барбы? Шайлоого катышуудан мурда, ушул жолу мүмкүнчүлүгүбүздү толук колдонуп, ар бир партиянын чыныгы жүзүн, тизмесин так иликтеп , анан добуш берели. Ансыз, шаар чаңга буланып, чөгүп баратат. Шаарыбызды сактап калбасак, абал жакшы болбой калат”, - дейт Талиева.
Булак: NazarNews.kg