www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт министрлигинде укмуштуудай коррупциялык схема бар. Мындай пикирди Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--“Траспорт министрлиги жүк ташуучуларга көңүл бурбайт. Биз дагы кеңеш беребиз. Жүк ташуучу уналарды жаңыртууда бир саясат болсо жакшы болмок. Жаңы оңдолгон жолдорду бузуп талкалабасын деген максатта унаалардын салмагын текшерген таразасы бар. Ошондо укмуштай коррупция бар. Быстровкада ал эми экинчиси Сосновка айылында бар. Аларда жакшы заманбап таразалар коюлган. Ал жерде укмуштуудай системалык коррупция бар. Укук коргоо органдары кармап, камашты бирок ушул күнгө чейин токтобой күчөп жатат. Эмне гана кылган жокбуз, айдоочулардан атайын коомдук комитеттерди түзүп күнү-түнү текшердик. Ушул күнгө чейин уланып жатат. Транспорт министрлиги коррупцияга батып кеткен. Бул жерде укмуштуудай коррупциялык схема бар”, - дейт төрага.
Булак: NazarNews.kg