www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адис спорттук бут кийимдер дагы бир катар ооруларга себепкер болорун белгилеген.
Жаңы туфли сатып аларда анын жарашыгын гана эмес, бутка чак келишин, ден соолукка берген таасирин эске алуу керек. Бул тууралуу остеопат Дмитрий Симкин "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде айтып берди.
"Эл арасында "такалуу бут кийим тамандын деформация болушунан варикозго чейин алып келет "деген сөз көп айтылат. Бирок бул бийик, ичке, ыңгайсыз болгон такага гана тиешелүү. Мындай шиш таканы күндө кийүүгө болбойт. Анткени андан кулап, жаракат алуу гана эмес, андан башка да олуттуу себептер бар", — деген дарыгер.
Симкиндин айтымында, мындай туфли кийгенде бут тегиз отурбай, май тамандык, варикоз оорулары күчөп, муундардын иштөөсү бузулат. Ошондуктан бийик такалуу бут кийимди өзгөчө иш-чараларда гана аз убакытка кийген оң.
Адис күнүмдүк турмушта бийиктиги 4-6 сантиметр болгон такалуу бут кийим ден соолукка көп зыян тийгизбей турганын айткан. Ошондой эле май таман оорусу менен жабыркагандарга жана бүкүрөйүп баскандарга бийик такалуу бут кийим кийгенге болбой турганын кошумчалаган.
Остеопат бут кийим тандоодо бутту кыспаган, өзгөчө баш бармакты кыспаган моделдерди алууну сунуштайт.
"Бирок такыр эле таманы тегиз болгон, көпчүлүк жакшы көргөн кеды, кроссовка жана балетка сымал бут кийимдерге өтүп кеткен да болбойт. Алар салмактын бутка туура бөлүнүшүнө тоскоол болуп, май таман оорусун өрчүтүп, буттагы кан айланууну бузат. Андыктан эң туура тандоо — ыңгайлуу, бийиктиги 2-3 сантиметр такалуу бут кийим", — деп түшүндүргөн дарыгер.
Булак: NazarNews.kg