www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канаданын премьер-министри Джастин Трюдо сикх лидери Хардип Сингх Ниджардын өлтүрүлүшүн уюштурууга Индия өкмөтүнүн тиешеси бал болушу мүмкүн деп билдирди. Ал июнь айында Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы храмдын жанында атып өлтүрүлгөн.

Маалым болгондой, Трюдо 18-сентябрда парламент жыйынында чалгын кызматынын ишенимдүү маалыматы экенин айткан.

"Канаданын жеринде канадалык жаранды өлтүрүүгө чет өлкөлүк өкмөттүн кандайдыр бир катышуусу биздин эгемендүүлүгүбүздү кабыл алынгыс бузуу болуп саналат.

Бул эркин, ачык жана демократиялык коомдорду башкарган негизги эрежелерге карама-каршы келет", - деген ал.

Сикх жикчилдеринин лидери Хардип Сингх Нижарды июнда Канаданын Британдык Колумбия провинциясындагы храмдын жанында атып кеткен.
Индия Нижардын өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирди жана жогорку даражалуу канадалык дипломатты өлкөдөн чыгарды. Тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү Трюдонун дооматтарын четке каккан

Мурдараак Канада индиялык дипломат Паван Кумар Райды мамлекеттен чыгарган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости