www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл жыл башынан тарта эле каатчылык болоору байкалган. Тээ ала жазда күн суук болуп, жер жылыбай жаз кеч келди. Жайында кургачылык болуп суу аз болду. Айтор, дыйкандардын эгини, жашылча-жемиши быйыл ойдогудай болбой, түшүмдүүлүк кыскарды. Натыйжада, мунун таасири ак төөнүн карды жарылган күздө даана байкалды. 

Мына берекеси төгүлгөн күздө кымбатчылык каптайт деген эмне шумдук? Түшүнгөнгө бул кооптуу коңгуроо. Мына азыртадан эле ундун баасы асман чапчыды. Бир мүшөк ундун баасы бир күндө миң сомго жогорулап, биринчи сорт ун 2850 сомго, эң жогорку сорттогу ун 3250 сомго чыкты. Чындап 30 жылдан бери мындай болгон эмес десек жарашат. 

Ундун баасы мындан дагы көтөрүлүшү мүмкүн экени айтылууда. Себеп дегенде, быйылкы кургачылыктан улам болгон каатчылыктан Казакстанда эгиндин түшүмү жылдагыдай болбой азайган. Мына ошону шылтоолоп сыртка ун чыгарууга чектөө киргизип салды. Кыргызстан эгин, ун тартыштыгын Казакстан, Россия аркылуу жаап келген. Быйыл абал оор. Дипломатиялык алакалар салкын тартып турат. 

Азык-түлүк коопсуздугундагы негизги нерсе бул - ун. Нан болсо ыр да болот дегендей, нан болбосо чыр болот. Ун кымбаттаары менен нандын баасы дароо 3-5 сомго көтөрүлдү. Бул көрүнүш элге жаккан жок. Асмандаган баалар элдин көкөйүнө көк таштай тийип айлалары кетип жатат. Элдин жону жукарган сайын нааразычылыктар күчөп баштайт. Мындай жагдай саясий туруктуулукту чайпалтат. 

Учурда Казакстан менен Россиянын мамилеси сууп турат. Чек ара чатагы, келишпестик орун алышы мүмкүн деген кооптуу коңгуроо кагылып жатат. Бул жакшы жышаан эмес. Биздин азык-түлүк, энергетикалык коопсуздугубузга дал ушул эки өлкөнүн таасири чоң. Экөөнүн мамилеси бузулуп чек аралар жабылса Кыргызстан үчүн оңой болбойт. Чоң кризис каптайт. Муну көзү ачыктык кылбай эле, бөркүбүздөй көрсөк жарашат. 

Дегенибиз, ун, суу май Россия, Казакстандан келет. Украина өз алапайын таппай турат. Күйүүчү майлар (бензин, солярка, керосин, газ) дээрлик 100% Россияга байланган. Демек, энергетикалык коопсуздугубуздун боосу дагы Москванын колунда. Кыскасы, түздөн-түз көз карандылык күчтүү. 

Мына быйыл Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү өтө аз болду. Кыштан чыгуу үчүн Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүн болбой турат. Ал эми Россия менен Түркмөнстандан 3,5 миллиард кВтсаат электр энергиясын сатып алуу маселесинде дагы деле орток пикир табылба элек. Күн болсо сууктап, кылычын сүйрөгөн кыш жакындап калды. Какагана муштаган болуп Россиядан электр энергиясын алган күндө да Казакстан транзит кылып өткөрүп береби, ал жагы да чечиле элек. Себеби, өтө чоң көлөмдө электр кубатын өткөрүп берүүгө электр линиялары көтөрө албайт деген шылтоолор айтылып, жайдак калуу коркунучу бар.

Анан ушундай өйдө тартса өгүз өлөт, ылдый тартса араба сынат дегендей абал өкүм сүрүп турганда, Москва менен тыгыз байланышта болуудан өтөөрү жок. Батышка куйрук шыйпаңдаткандан пайда таппайбыз. Дегеним, "АКШ жана Борбор Азия" деген Вашингтондун каргысын мойнубузга таккандан сак болгон аяр, кылдат алака керек. Бечелге жөтөл зарыл эмес. Төшөгүбүзгө карап бут сунуп, акыл-эстүүлүк менен иш кылганыбыз оң. 

Эртең азык-түлүк, энергетикалык кризис каптап, инфляция өсүп, кымбатчылыктан улам экономика очорулуп сазга батып эл жокчулуктун азабын тартса, океандын ары жанындагы Америка азык-түлүк менен камсыздап, энергетикалык кризистен сууруп чыкпайт. Эзелтен ата-балаларыбыз алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деген. Андыктан, тарыхыбыз бир коңшулар менен мамилени бузбай, мамлекеттин мүдөөсүн көздөп ынтымакта иш алып барган жемишин берет. Андан зыян тартпайбыз. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости