www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йорктогу “Токойлор үчүн шериктештик” жолугушуусу

Токойлор биздин планетанын жашоосунда маанилүү ролду ойногондуктан, аларды көздүн карегиндей сактап, көбөйтүшүбүз зарыл. Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын талаасында ФАО уюштурган “Токойлор үчүн шериктештик” жолугушуусунда мен биздин өлкөнүн токойлорду жана био ар түрдүүлүктү сактоого, токойлуу жерлерди коргоо жана калыбына келтирүү чараларына, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюуга каршы күрөшүүгө байланышкан аракеттери жөнүндө айтып бердим. 

Аталган иш-чарада токойлорду сактоо жана калыбына келтирүү, туруктуу токой чарбасы, аны башкаруудагы салттуу билимдердин жана түптүү элдердин ролу жана ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чечимине байланышкан бир катар маселелер каралды. Бул арада мен токойлуу жерлерди көбөйтүү максатында Кыргызстанда 2022-жылы улуттук “Жашыл мурас” кампаниясы уюштурулганын белгиледим. Андан сырткары, мөңгүлөрдүн интенсивдүү түрдө эрип жатканынан улам суу ресурстары азайып, ал айыл чарбасына жана тоолуу өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизип баштаганын айтып өттүм. 

Жолугушууга жаратылышты коргоо боюнча эл аралык уюмдардан бир катар жогорку даражалуу өкүлдөр катышты. Мен аларга бак-дарактарды отургузуу кампаниясын колдоону жана бул демилгени өлкөдөн өлкөгө берилгидей ар жылы өтүүчү эл аралык жөрөлгөгө айлантууну сунуштадым (вегетациялык мезгилден көз карандылыкка карай). Себеби, мындай ыкма токойлуу жерлерди көбөйтүүгө жана бул тармактагы маселелерди чечүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем!

Последние новости