www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль Россиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн убактысы боюнча макулдашууну күтүп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирет.

"Президент Путин менен премьер-министр Пашиняндын телефон аркылуу сүйлөшүү убактысы боюнча макулдашууну күтүп жатабыз. Бул сүйлөшүү болоору менен кабарлайбыз. Азырынча Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүү азырынча күтүлбөйт, бирок керек жагдай жаралса сүйлөшүүсү мүмкүн", — дейт Песков.

Эске салсак, Азербайжандын Коргоо министрлиги 19-сентябрда "локалдык мүнөздөгү антитеррордук иш-чараларды" баштагандыгын билдирген. Бул Тоолуу Карабахтагы Конституциялык түзүмдү калыбына келтирүү үчүн жасалганын айткан. Ага Армения тарап да жооп берип, кагылыш болгон. Россия бул кырдаалга кайдыгер карабай турганын айтып, эки тарапты чатакты тынчтык жана дипломатия жолу менен чечүүгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости