www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Канат Жумагазиев кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады. 

"Урматтуу мекендештер!

Бир аз убакыттан кийин, 2022-жыл өзүнүн мезгилинин аягына чыгып, тарыхта калат. Ар бирибиз аны өзгөчө окуялар жана жеке ийгиликтер менен эстейбиз.
Кимдир бирөө жашоосунда биринчи жолу өзүнүн наристесин колуна көтөрүп, ата-энелик бакытка конду. Кээ бири өзүнүн ак өргөсүнүн босогосун алгачкы жолу аттаса, кээ бирине болсо маанилүү жана кызыктуу жаңы кызматты аркалоо озуйпасы тапшырылды. Баарыбыз үчүн өтүп бара жаткан жыл алдыга умтулуу мезгили болуп, жаңы жолдорду ачты жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук ишке ашырууга жардам берди.

Сиздер менен бирге өтүп бара жаткан жылга ыраазычылык менен карайм. Баарыбыз биригип, 2022-жылды өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн маанилүү жана ийгиликтүү жылдардын бирине айландырдык. Биз көп нерсеге жетиштик жана көп нерсе биз ойлогондой болду.

Жаңы жыл-биздин өлкөдөгү эң сүйүктүү майрамдардын бири. Жакшы салт боюнча майрамдык дасторконго балдар жана ата – энелер, чоң ата, чоң энелер, мээримдүү жана сүйүктүү үй-бүлөөлөр, бири-бирине жакын адамдар чогулушат.

Алдыда бизди жаркын окуялар, көрүнүктүү кесиптик ийгиликтер, Кыргызстандын жана элибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңы жетишкендиктерге толгон көптөгөн унутулгус учурлар күтүп турганына толук ишенем. 

Нарын облусунун ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди келе жаткан жаңы 2023-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ар бириӊиздерге чың ден-соолук, бардык жакшы иштерге ийгилик, бакыт, сүйүү жана асыл дөөлөт каалайм.

Урматтоо менен, Нарын ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Канат Жумагазиев", - деп жазылат куттуктоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости