www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Азаттыктын” журналисттик иликтөөсүнө эл аралык экспертиза дайындоо сунушу киргизилди. Мындай сунушту бүгүн Матраимовдордун үй-бүлөлүк адвокаты киргизди.
Анын айтымында КР Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция жана аткезчилик тууралуу "Азаттыктын" материалы боюнча журналисттердин, саясатчылардын ж. б. эксперттердин пикирин билүү керек.
«Журналисттик этика деген бар. Журналисттер фактыларга гана таянып жаза алат. “Настоящее время” өз материалын “Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары кантип 700 миллион доллар чыгарып кеткен” деп атаган. Андан кийин Айэркен Саймаити Али Токтакуновго берген интервьюсунда Өзбекстандын соода борборунун акчасы деген, б. а., Матраимовдун тиешеси жок.
Айэркен Саймаитинин кол жазмасы жасалма экендигине да эч ким көңүл бурган жок. “Бешинчи канал” документтеги Айэркен Саймаитиники делген кол тамга ага тиешелүү эместигин аныктаган. Буга да эч ким көңүл бурган жок”,-деп кошумчалаган Канатбек Азиз.
Булак: NazarNews.kg