www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы билим берүү министри, мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев акталды. Мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда чыкты деп билдирет "Азаттык".
Сот бардык коюлган айыптар боюнча далил табылган жок деди жана анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катын жокко чыгарды.
Прокуратура Осмоналиевдин үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 15 жылга камоону, ага үч жыл бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну соттон суранган болчу.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2014-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Атайын кызмат абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жайынын жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганын айткан.
Быйыл мартта УКМК “Осмоналиевдин студенттерден 14 миң доллар алганы аныкталды” деп билдирген.
Осмоналиев өзүнүн күнөөсү жоктугу аныкталганы үчүн бул иш 2015-жылдын 8-октябрында жабылганын айткан жана кылмыш иши саясий негизде козголгонун кайталап келет.
Булак: NazarNews.kg