www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жогорку Кеңешке жулунуп кирип алып, билген намаздарын окуй башташат», - деди бүгүн, 21-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Акыркы мезгилде Өмүрбек Текебаев менен Эдил Байсаловдун видео акыйнектери коомчулуктун көңүл борборунда болуп жатат. Алардын айтышы элди дүрбөткөн жокпу?

- Өзү алдыдагы парламенттик шайлоо өтө эле катуу болчудай болуп калды. Мен ошондон коркуп турам. Өмүрбек Текебаев менен Эдил Байсаловдун акыйнектери эч бир орунсуз болуп турат. Экөө тең элдин оозуна алынган популярдуу инсандар!

Кээ бир азгырык кылган абийирсиз адамдардын айдагына берилбей, экөө тең тез арада эч кимди кошпой эле пикир алышып, өз ара маселелерин чечип алса жакшы болоор эле. Азыр парламенттик шайлоону тынч өткөрүп алуубуз керек. Бул коомубуздун канчалык стабилдүү экенинен кабар берет!

Эки инсандын акыйнек айтышканынан эч кимиси утпайт. Бул жерде бир гана кыргыз эли утулат. Экөөнү атайылап чабыштырган коррупционер саясатчылар утат. Айрыкча колунда арам акчасы барлар менен бийликтин адмресурсун мыкчып отурган көркоо функционерлер! Мына ушулар кыргыз элинин накта душмандары.

- Бул акыйнек айтышуу ачыктыкты көрсөтүп жатабы же бийлик менен оппозициянын айтышуу форматы башка нукка бурулганын айгинелеп жатабы?

- Популярдуу адамдар өз ара акыйнек айтышкандары дурус эле көрүнүш. Бирок: «Биз каалаган ишибизди жасай беребиз!» - деген ой болбош керек. Өмүрбек Текебаев ошол пикирди катуу сынга алып, кагып койду. Тажырыйбалуу инсан да.

Ал эми биз болсо мындай дебаттарды көбүртүп-жабыртып, козута бербешибиз керек. Мен түшүнөм, азыр парламентке көптөгөн олигарх, ууру-коррупционерлер ат салышып жатат. Уяттары жок экен же биротоло эле көздөрүн май басып калган го?

Мындайларды эл «кутуруп калыптыр» деп коёт. Алдыдагы парламенттик шайлоодо Текебаев менен Байсалов эмес, дал ушул уурулар чоң проблема түзөт. Жогорку Кеңешке жулунуп кирип алышып, билген намаздарын окуй баштайт. Анан эл аларды кууп чыгат.

Ошого жеткирбей, мындай жексур ууруларды тынч эле оолактатып койсок жакшы болоор беле дейм? Аларды тарбиялап, туура жолго салуунун деле кереги жок! Ушуну БШК эске алаар бекен же адатынча эки тараптан тең акча алып жыргап отура беришеби?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости