www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия карантин чараларын кайрадан күчөтөт

Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны өсүп жатканына байланыштуу карантин чаралары киргизилет. Акыркы суткада өлкөдө коронавирустан 1028 киши көз жумду. Вирус 34 миң кишиден жаңы аныкталды. Орус президенти Владимир Путин өкмөттүн сунушу менен 30-октябрдан тартып бир жумалык дем алыш жарыялады. Айрым аймактарда ал эки аптага чейин узартылышы мүмкүн.

Бул маалда соода борборлору, кафе-ресторандар, сулуулук салондору жана фитнес-клубдар жабылат. Массалык иш-чараларга тыюу салынат.

19-октябрда Москва бийлиги бир катар чектөө чараларын кабыл алды. Ага ылайык, жашы 60тан өткөн, эмделе элек адамдарга февраль айынын соңуна чейин көчөгө чыгууга тыюу салынат, ишканалар кызматкерлердин 30 пайызын аралыктан иштөөгө өткөрөт жана тейлөө кызматында эмгектенгендердин 80% 1-январга чейин эмделиши зарыл.

Орусиянын 146 миллион калкынын 35% гана эмделген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости