www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Текебаев эскирди. Эми пенсияга чыгыш керек», - деди бүгүн, 21-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан-агай, жаңы өкмөттүн курамы купулуңузга толдубу?

- Эми жаңы өкмөттүн иштегенин көрүш керек. Бирок, менин байкашымда, 5 вице-премьер бар экен. Биздин чакан өлкөгө анчалык көп вице-премьердин эмне кереги бар дейм да. Мен Акылбек Жапаров менен Эдил Байсаловду эле билем, калганы кандай эмгек жасаганын чыны менен билбейм. Эми жарым жылдан кийин, буюрса, кимдин ким экени билинет.

- Текебаев менен Байсаловдун бир-бирине жолдогон видео билдирүүлөрү боюнча кандай пикирдесиз?

- Эдил Байсалов менен Өмүрбек Текебаевдин тиреши жөн эле кайым айтышуу. Байсалов жаңы бийликти колдогонсуду, бирок тажрыйбасы азыраак экени байкалып калды. Кичине алыста жүрүп кыргыз тилин унуткандай сезилди. Өзү билимдүү болгону менен, ошону жеткире албай жаткандай таасир калтырды. Англиядан көргөн-билгенин жеткире алса эле бир топ жакшы иштеген болот. Байсаловдун ишине ийгилик каалайлы.

Эми жакшы өлкөдөн иштеп чогулткан билимин, тажрыйбасын көрсөтсүн. Англиядан вакцина алып келип, элдин ден-соолугу үчүн күрөшсүн. Вакцинадан өзгөчө элет жерине жардам берсин. Ар бир кыргыздын ден соолугуна чыңай турган система курсун, Текебаев менен кыжылдашканда эч нерсеге жетишпейт. Пайдасыз нерсеге убактысын коротпой, ийгиликтүү иштесин.

Ал эми Текебаев карт бөрүлүк кылды. Ал көп жылдан бери саясатта жүрөт. Бирок өзүнүн идеясын парламенттик башкарууну мамлекет үчүн пайдалуу кылып алып кете алган жок. Кыргызстанда парламенттик башкаруунун пайдасынан зыяны көптөй кылып көрсөтүп коюшту. Ошон үчүн эми пенсияга чыгыш керек. Текебаев эскирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости