www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- “Курманбек Бакиев өлкөгө кириш үчүн Акаевдин келиши шарт эле” деген пикирлер айтылууда. Сиз бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Мен деги эле мекенинен тентип кеткен жарандарга өзгөчө кабатыр болуп келген адаммын. Тилекке каршы, жөнөкөй кыргыз жарандары массалык түрдө 30 жылдан бери башка өлкөлөрдөн жумуш таап, кайсалап өлбөстүн күнүн кечирип келди го? Эмне үчүн СССРден калган эбегейсиз сандагы завод-фабрикаларды, колхозсовзоздорду талатып жиберип, итке минип отуруп калдык? Кен байлык, энергетика ресурстары кайда житип жок болду? Мындай талап-тоноочулукка ким күнөөлүү?

Албетте, алгачкы президент Аскар Акаевдин күнөөсү бар. Анын ийгиликтүү иштерин дагы акыйкаттык үчүн эстеп коюшубуз керек. Бирок, системалык жаңылыштыктары, айрыкча коррупциялык “кылыктары” чектен ашканын баарыбыз билип бүтпөдүкпү! Натыйжада эл көтөрүлдү. Болгондо дагы үч жолу! Акаевдин келгени жакшы болуптур.

Бирок, эскертип коёюн, ал киши тергөө менен ак ниетинен кызматташуусу абзел. Эч кандай “кезектеги трюк” болушу мүмкүн эмес. Анан Курманбек Бакиев келсин, ал дагы ачык көрсөтмө берсин. Ошентип кезек Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө келет. Анан чоң териштирүүлөр башталат. Мен сенсация күтүп, кан көксөгөн жокмун. Баары жазалансын! Мен шору шорподой кайнаган кыргыз элин айтып жатам. Анын дагы убалы бар го, акыры!

Тиги “дөө-шаалар” сурак беришип жайланышкандан кийин, албетте, кезек майда “чөөлөргө” жетет. Адилеттүү сот болсо гана элдин көкшүнү сууп, жаштарыбызга үлгү болот. Кыргызстандын келечегине даңгыр жол салынат. Кутурган коррупционерлердин чет мамлекеттерде качып жүргөндөрүнөн не пайда? Алар тиги жакта деле жыргап-куунап жүрө беришет! Ошондуктан эми абалды эл өзү көзөмөлдөшү шарт!

Булак: Азия News гезити

Последние новости