www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тосуп алуу аземи бүткөндөн кийин "Ала-Тоо" аянтында өлкө намысын коргогон спортчуларга арналып салтанат уюштурулат.

Токио Олимпиадасына катышкан кыргызстандык спортчулар мекенине кайтып келди.

Аларды "Манас" эл аралык аэропортунан ата-эне, туугандары, күйөрмандары жана ЖМК өкүлдөрү тосуп алды. Ал эми бийлик өкүлдөрүнөн президенттик администрациянын башчысы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев барды.

Тосуп алуу аземи бүткөндөн кийин "Ала-Тоо" аянтында өлкө намысын коргогон спортчуларга арналып салтанат уюштурулат.

Жайкы Олимпиада оюндарынан грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынып келди Жалпысынан

Токио Олимпиадасына 16 спортчу катышкан, акыркысы болуп бүгүн жөө күлүк Дарья Маслова жарышка чыкты. Ал 88 жеңил атлеттин арасынан 36-болуп марага жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости