www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча форумда Билим берүү министр Каныбек Иманалиев быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүн жардамга тарта турган коомдук жаңы долбоорду баштап жатканын билдирди.
Мындан улам, министр: "Мектептин техникалык керектөөлөрүн камсыздоодо ата-энелердин жүгүн жеңилдетишибиз керек. Быйыл "Бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы" деген социалдык долбоор башталып жатат. Бүтүрүүчүлөр өз ыктыяры менен тиркеме аркылуу мектептин өнүгүшүнө салым кошо алат. Биз барыбыз мектептен тарбия, жашоого тажрыйба алганбыз. Мектеп биздин экинчи үйүбүз болгон. Анан ар бирибиз мектебибизге 100 сомдон которо албайбызбы?", - деп айтты.
Министр белгилегендей, ушул жылдан тартып бүтүрүүчүлөр өз ыктыяры менен билим алган уясына финансылык жардам көрсөтө алышат дейт.
Булак: NazarNews.kg