www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурунда  “Асаба” гезитинде журналист болуп иштеген кеминдик Каныбек Иманалиев кеминдик Аскар Акаев менен таанышууну максат кылып койот. Анын биринчи кадамы ал кездеги Кыргызстанды колунун уучу менен “оптом” кармап турган Майрам Дүйшеевнаны көңүлүнө жагуу эле. Мындай максат ишке ашып кайсы бир тойдо Майрам Дүйшеевнаны бийге чакырып ага жагат да тез эле, ал кездеги президент Аскар Акаевдин пресс-катчысына айланат. Пресс-катчылыктан “Учкун” мамлекеттик ишканасына жетип, ал жерди бүлүндүргөнү бар. Андан соң “Эркин - Тоону” менчиктештирип алган.Барына эле белгилүү болуп турат ажолордун жолугушуусунан соң кадрдык өзгөрүүлөр башталды. Аскар Акаевичтин “любимчиги” Каныбек Иманалиев чоң секирик жасап министр болуп калышы ошондон улам болсо керек.

Ушул жерде айта кетпесе болбойт. Каныбек Иманалиев мамлекеттен ит-бекер приватташтырып алган Бишкектин «алтын чарчысында» жайгашкан дээрлик бир гектар жер 8 млн долларга бааланат. Каныбек Иманалиевге таандык делген "Эркин-Тоо" басмаканасы бузулуп, ордуна элиталык үй салынмай болгон. Бул басмакананы Иманалиев убагында арамзаалык менен менчиктештирип алган. Башкача айтканда, "Эркин-Тоо" басмаканасын жеке менчикке сатуу жарыясын "Учкун" басмаканасында басылуучу "Эркин-Тоо" гезитине берет. Каныбек Иманалиев "Учкун" басмаканасынын директору болуп туруп ал жарыяны "Эркин-Тоо" гезитинин бир гана экземплярына бастырып, калган миңдеген экземплярларына бастырбайт. Андан сырткары өзүнүн жеке менчик "РИФ" гезитинин 1 эле экземплярына да ал жарыяны бастырып, 2 экземпляр гезитти Мамлекеттик мүлк комитетине берет.

Ошентип эч кимге билгизбей, туйдурбай менчикке чыгарып алган. Бул тарыхый имаратты Алтынбек Максүтов маданият министри болуп турганда, ал аркылуу тарыхый имарат статусун жокко чыгаруу сунушун ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариевге бердирип, ага келиштире токтом токутуп Каныбек мырза максатына жеткен. Эми аны 8 миллион долларга сатып Аскар Акевичтин колдоосу менен илим жана билим министринин милдетин аткаруучу болуп мантайып отурган чагы.

 УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы кийин изилдеп «Эркин Тоо» гезит-китеп полиграфиялык ишканасын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине кайтаруу боюнча иш жүргүзүп, ал тууралуу мурда чечим чыгарган кызмат адамдарына карата сотко чейинки териштирүү жүргүзгөн. Мекеменин маалыматына караганда, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери имаратты жана анын тегерегиндеги жер тилкелерин ошол тизмеден чыгаруу боюнча маселени кароодо кызмат абалынан пайдаланган жана чечимди мыйзамсыз чыгарган деп шек саналып жатат.

УКМК белгилегендей, Бишкектин «алтын квадратында» жайгашкан имарат 2002-жылдын 20-августунда өкмөттүн токтому менен республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген. «Тарыхый-маданий мурасты колдоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам боюнча тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, ордун которуштурууга, кайра курууга жана өзгөртүүгө уруксатты өкмөт бере алат. Бирок 2015-жылы «Эркин Тоо» ишканасынын акционерлери министрликтин кызмат адамдары жана курулуш компанияларынын бири менен келишип алып, ал жерге кабат үй салуу жана пайда көрүү үчүн имаратты атайын тизмеден чыгарып алышкан деп шек саналган.

«Эркин Тоо» басмаканасын менчиктештирүү маселеси боюнча прокуратура иш козгой баштаганы маалым болгон жана азыркы илим жана билим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевдин аты аталган. Илим жана билим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев өзү кылмыш иштерин жандантууга негиз жок деп билдирип: «Мага күнөө койгудай эч негиз жок. Бул факт боюнча эки жолу иш болгон. Анда мен күнөөкөр эмес, күбө катары да чакырылган эмесмин», - деп айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости