www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балага ай сайын жөлөк пул чыгартуу үчүн керектүү документтерди тизмектеди.
Майыптыгы бар баланы баккан ата-эне (асыроочу тараптар) өзү жашаган аймактагы министрликтин башкармалыктарына кайрылышы керек. Арыз ата-эненин (асыроочу тараптын) атынан жазылат.
Жөлөк пул чыгартуу үчүн керектүү документтер:
арыз берүүчүнүн паспорту;
баланын/балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
жашаган жерине катталгандыгы жөнүндө аныктама (эмгек маянасына жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициент коюлган калктуу аймактарда жашагандар үчүн);
баланын майыптыгын тастыктаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалым каты.
Министрлик бүгүнкү күндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилүүчү жөлөк пулдун суммасы 8 000 сом болгонун белгиледи. Буга чейин ал 4000 сом болчу. Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 1-январындагы жарлыгынын негизинде эки эсеге көбөйтүлгөн.