www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швециянын жогорку административдик соту Куран китебин өрттөө менен коштоло турган эки акцияга тыюу салуу тууралуу чечимди жокко чыгарды.

Ошол эле маалда "террордук акт" жасоого даярдык көргөн деген шек менен беш исламист кармалды.

Швеция полициясы февралда коопсуздук маселелеринен улам Куран китебин өрттөгөн акцияларды өткөрүүгө тыюу салган.

"Полициячылар өз чечимдерин жетиштүү деңгээлде негиздей алган эмес", – деди судья Ева Лотта Хедин.

Швед полициясы февралда Түркия менен Иран элчиликтеринин алдында Куранды өрттөгө тыюу салган. Муну мекеме январдагы акция Швецияны "чабуулдун артыкчылыктуу бутасына" айландырганы менен түшүндүргөн.

Январь айында Түркиянын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куран китебинин өрттөлүшү бир катар мусулман өлкөлөрүндө нааразылык жараткан. Алар бир нече жума бою швед товарларына бойкот жарыялоого үндөп, Швециянын НАТОго мүчө болуп киришин кароону кечеңдетишкен.

Быйыл январда ашкере оңчул саясатчы, исламга каршы Stram Kurs ("Катаал багыт") партиясынын лидери Расмус Палудан Куран китебин үч жолу өрттөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости