www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«ЖОЖдордун каржылык, материалдык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүнө бирдиктүү саясат жүргүзүүгө жол ачылды», - деди бүгүн, 19-июлда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, айрым университеттер бириктирилип, беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилмей болуптур. ЖОЖдордун бириккени туура элеби?

- Мен бул жөнүндө 2012-жылы эле Жогорку Кеңештин профилдик Комитетинин башчысы катары парламенттин пленардык отурумунда кеңири доклад менен чыгып маселе көтөргөн элем. Ал кездеги расмий бийликтин эрки жеткен эмес. Каалоосу деле жок болчу.

Биринчиден, ЖОЖдордун каржылык, материалдык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүнө бирдиктүү саясат жүргүзүүгө жол ачылды.

Натыйжада, дүйнөлүк рейтингди жогорулатууга шарт түзүлүп жатат. Академиялык эркиндикти карманууга толук мүмкүнчүлүк алса болот. Профессордук-окутуучулук составдын сапатын жакшыртууга аракет кылынат жана ЖОЖдордун укуктары кеңейет.

Каржы саясатын жакшыртса болот. Анткени, бюджеттен тышкары каражаттарды пайдаланууда коммерциялык банктарды колдонуу укугуна ээ болушат. Башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктай алышат.

Үч жылдык мөөнөт ичинде текшерүүнүн бардык түрлөрүнөн бошотулушат, ж.б. өтө маанилүү преференциялар президенттин Жарлыгы менен берилди! Эми татыктуу ректорлор тандалып, аларга команда түзүү укуктары ыйгарлышы абзел.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости