www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан.

Чечим президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген төмөнкү артыкчылыктуу милдеттерди ишке ашырууга багытталган:

- калктын аз камсыз болгон катмарын коомдук жумуштарга тартуу жана айыл чарба жана өндүрүштүн башка түрлөрү үчүн квалификацияны, билимди жана технологияларды окутууга жана өркүндөтүүгө жетүү түрүндөгү социалдык колдоо чараларын стимулдаштыруу практикасын кеңейтүү;

- эмгек потенциалы бар мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулар менен социалдык контракт системасын киргизүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен макулдашылган иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча чаралардын комплекси жакырчылыкты кыскартууга кыйла натыйжалуу таасир этүүгө мүмкүндүк берет.

Социалдык контракттын негизинде социалдык кызмат көрсөтүү жобосу социалдык контракттын негизинде жардамды алууну каалаган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык көмөк көрсөтүүнүн механизмин жана шарттарын аныктайт.

Белгилей кетсек, социалдык контракт түзүү үчүн үй-бүлөлөрдү тандоону жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу социалдык маселелер боюнча комиссия жүргүзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости