www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдүн Жууку ашуусунда көчкөн мөңгүнү видеого тартып алган британиялык турист Гарри Шиммин бул анын жашоосундагы толкунданткан тажрыйбалардын бири болгонун жазып, эмнеге качып кетпегенин түшүндүргөн.

"Дөбөнүн чокусунда сүрөткө түшүү үчүн жанымдагылардан бөлүнүп кеткем. Бир убакта артыман муздун жарылганы угулду. Ал жакта бир нече мүнөттөн бери жүргөндүктөн, жанымда жашына турган жер бар экенин билгем. Жардын кырында тургандыктан, качып кете алган жокмун. Ооба, дароо баш калкалай турган жайга кетсем коопсуз болмок. Тобокелчиликке барганымды да жакшы түшүнөм. Үстүмө кар түшкөндө дем ала албай, өлүп калам го деп ойлодум. Баары бүткөндө болуп көрбөгөндөй адреналинди сездим. Үстүмдө кичинекей эле кар жатыптыр", — деп жазган ал.

ӨКМдин маалыматы боюнча, көчкөн мөңгүнүн болжолдуу көлөмү 2 миллион 11 миң 500 куб метрди түзөт.

Булак: Sputnik Кыргызстан

 

 

Последние новости