www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз дипломатиясында “жарк” эткен иши көрүнбөгөн, коомчулукка анчалык белгилүү эмес Жээнбек Кулубаев ТИМди жетектеп отурат. Жердиги Ысык-Көлдөн. Министр болгондон бери тышкы саясатты жакшыртууга кандай салым кошуп атканын билбейбиз.

Орусия, Кытай сыяктуу державалар, ж.б. мамлекеттер менен карым-катыш, байланыштар тоңгон муз сыңарындай турат. Дипломатиялык алакалар боюнча жарытылуу маалыматарды окуй да элекпиз. Тек гана күтүү, белгисиздик...

А ТИМдеги булактарыбыз билдиргендей, Жээнбек Кулубаев коллективине каскак болуп, кагыпсилкип, уруша бергени талкууга алынууда. Масштабдуу алкакта ишти алып кете албай майдаланып, үлгү көрсөтө албай, айтор, чайналып атканын кабарлашты.

Азыркы учурда эч нерсени жашыра албайсың. Тышкы саясатыбыз аксап, расмий сапарлар буулуп, тунжурап эле калдык го? Инвестиция тартуу түшкө да кирбегеничи?

Министр мындай чабал түрү менен мамлекетибизди артка тартып, элибиздин шоруна калбайбы? Кантебиз? Же бир кыпындай ийгилиги болсо айткылачы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости