www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балтада топтошуп мушташкан 17 жаш жигит аныкталды

Кара-Балта шаарында топтошуп мушташкан жаштар жоопкерчиликке тартылды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 7-августунан 8-августуна караган түнү Береговая көчөсүндө жаштардын топтошуп мушташып жаткандыгы тууралуу Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу 17 жаштан 20 жашка чейинки жаштардын мушташып жатканын аныктаган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө мушташка катышкан 17 жаш жигит аныкталып, Жайыл РИИБге жеткирилген.

Алдын ала маалымат боюнча, мушташка эки жаштын социалдык тармактагы пикир келишпестиги себеп болгон.

Катышуучуларга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын ичинен 6 балага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 102-беренеси, дагы 2 балага 126-беренеси боюнча протокол түзүлгөн.

Чүй ОИИББ жарандарды коомдук тартипти сактоого, чыр-чатактарга жол бербөөгө жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырды.

Последние новости