www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түштүк Африка Республикасында калың кар жаап, айрым аймактарда жол кыймылы токтоп, электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.
Бул тууралуу «Kazinform» жазды.
Кар Квазулу-Натал провинциясынын түштүк аймактарында, анын ичинде Андерберг, Кокстад жана Мататиэле шаарларында жааган.
Кар жааганынан улам Свартберг менен Андербергди байланыштырган R617 жолу жабылды.
Бийлик айдоочуларга сапарларын кийинкиге жылдырууну сунуштады.
Мындан тышкары, кар жана нөшөрлүү жаандан улам Кокстад, Франклин, Ноттингем-Роуд жана Андерберг аймактарында электр энергиясы өчкөн.
Жолдордун жабылышы электр тармагындагы аварияларды жоюу иштерин да кыйындатууда.
Бийлик айдоочуларды жолдо этият болууга чакырып, айрым аймактарда кар, катуу шамал жана жаан-чачын уланышы мүмкүн экенин эскертти.