www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө Борбор Азия үчүн маанилүү болгон «Ак илбирс» илимий-изилдөө жана реабилитациялык борборун куруу иштери талкууланды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрликте министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев Татарстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары министри Азат Зиганшин менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги темасы — Ысык-Көлдө курулуп жаткан борборду ишке ашыруу жана аны заманбап жабдуулар менен камсыздоо болду.
Борбордо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, заманбап лабораториянын ишин уюштуруу, ветеринардык жардам көрсөтүү жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды реабилитациялоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.
Долбоордун негизги багыттарынын бири — Кыргызстандын жаратылышынын символу болгон ак илбирстин популяциясын сактоо жана калыбына келтирүү.
Ошондой эле борбордо биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча илимий программалар ишке ашырылат.
Тараптар борбордун курулушунда оң динамика бар экенин белгилеп, аны заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыздоо иштерин тездетүү маселесин талкуулашты.
Мындан тышкары, ак илбирсти сактоо боюнча биргелешкен программаны күчөтүү жана Кыргызстан менен Татарстан ортосундагы илимий кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты.