www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек районунун Мурас айылында катуу жаандан кийин сел жүрүп, айрым мал-жандыктарды агызып кетти.
Жергиликтүү тургундардын маалыматына караганда, сел 10-августта саат 16:00 чамасында Кең-Талаа айыл аймагынын Мурас айылында жүргөн.
Кыяндын кесепетинен айрым мал-жандыктар агып кетип, унаа жолдорун суу каптаган.
Ошондой эле селдин агымында жеңил унаа калып калганы айтылууда.
Окуядан келтирилген чыгымдар жана башка кесепеттер боюнча такталган маалымат азырынча жок.