www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кара деңиз флотунун ыр жана бий ансамблинин концерти болуп өттү.

Иш-чара Ата Мекенди коргоочулардын күнүнүн алдында жана Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында өткөрүлдү. Ушундай эле концерт эртең Кара-Балта шаарында болот.

Иш-чараны Россия кызматташтыгынын өлкөдөгү өкүлчүлүгү, Россия элчилигинин алдындагы аскер атташесинин аппараты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен уюштурган.

Ансамблдин программасында орус жана чет элдик классикалык чыгармалар, матростордун жана жоокерлердин эски ырлары, Россия жана флот жөнүндө заманбап ырлар жаңырган.

Кара деңиз флотунун ыр жана бий ансамбли 1932-жылы негизделген. Ал РФ Куралдуу күчтөрүндөгү алгачкы чыгармачыл топ катары белгилүү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости