www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран 2015-жылдагы өзөктүк келишимге каршы келген аракеттерди АКШ санкцияларды четке какса, дароо токтотот. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 19-февралда билдирип, Тегерандын Вашингтон менен сүйлөшүүгө даярдыгын ырастады.

Министр Иран эч качан өзөктүк курал өндүрүүгө умтулбаганын жана ал аскердик доктринасынын бөлүгү эмес экенин билдирген.

“Санкцияларды жокко чыгарып, дипломатияга мүмкүнчүлүк бергиле”,- деди Зариф.

АКШ бийлиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдин айланасында сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин жарыялады. 18-февралда Мамлекеттик департамент тараткан билдирүүдө Вашингтон бул жаатта сүйлөшүүлөрдү баштоо менен эле чектелбей, Иранга карата санкцияларды киргизүү демилгесин токтотоорун жана БУУдагы ирандык дипломаттарга карата чектөөлөр жумшартылары жөнүндө айтылган.

Тегеран АКШга санцияларды жокко чыгаруу үчүн соңку мөөнөт катары 23-февралды атаган. Эгер бул учурда Вашингтон санкциялык режимди четке какпаса атомдук обьекттерине МАГАТЭнин эксперттерин киргизүүгө тыюу саларын эскерткен.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия "өзөктүк келишим" деген ат менен таанылган документке кол койгон. Ага ылайык Тегеран өзөктүк программасын чектөөгө милдеттенме алган жана Иранга салынган эл аралык санкциялар токтотулган. 2018-жылы мурдагы президент Дональд Трамптын тушунда АКШ бул келишимден бир тараптуу чыгып кетип, Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды колдонууну баштаган.

Буга жооп катары Иран өзөктүк келишимдин бир катар шарттарын аткаруудан баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости