www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Аравиянын падышасы Салман уулу Абдул Азиз менен мураскор ханзаада Мухаммед бин Салманды өлкөнүн премьер-министрлигине, экинчи уулу Халидди коргоо министри кылып дайындады. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги билдирди.

Падышалык жарлыкка ылайык, өзгөртүүлөр натыйжасында монархтын дагы бир уулу ханзаада Абдулазиз бин Салман энергетика министринин кызматында калды.

Тышкы иштер министри ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауд, каржы министри Мохаммед аль-Жадаан жана инвестиция министри Халид аль-Фалих өз кызматтарында калышат, деп айтылат жарлыкта.

Коргоо министри кызматынан премьер-министрликке которулган мураскор ханзаада чындыгында дүйнөдөгү эң ири мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн бирин башкарып турган.

Саудиянын расмий өкүлү анын премьер-министрлик ролу падыша ага мурда тапшырган милдеттерге, анын ичинде чет элдик сапарларга катышуу жана падышалык уюштурган саммиттерге төрагалык кылуу менен шайкеш келерин айтты.

Мохаммед бин Салмандын иниси, ханзаада Халид бин Салман мурда коргоо министринин орун басары болуп иштеген.

Жарлыкка ылайык, король Салман өзү катышкан министрлер кабинетинин жыйындарына төрагалык кылууну улантат.

Исламдын эң ыйык жерлеринин сакчысы, 86 жаштагы Король 2,5 жылдан ашык мураскор ханзаада болгон соң 2015-жылы башкаруучу болгон. Акыркы эки жылдын ичинде ар кандай оорулардан улам бир нече жолу ооруканага түшкөн.

Мураскор ханзаада Мухаммед Сауд Арабияда 2017-жылы бийликке келгенден бери революция жасап, экономиканын мунайга болгон көз карандылыгын азайтты, аялдарга машина айдап, диниятчылардын ыйгарым укуктарын чектеди.

Бирок анын реформалары оппозицияны куугунтуктоо менен коштолуп, активисттер, королдук үй-бүлө мүчөлөрү, аялдардын укугун коргоочулар жана ишкерлер камалганын Рейтер агенттиги кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости