www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Баткенге барып келген депутаттардын маалыматын жабык эшик артында угууну сунуштады.

"Сиздерден суранат элем, ушу маселени жабык эшик артында карасак. Бул менден жеке сураныч", — деди спикер.

Натыйжада маселе жабык каралмай болуп, ЖМК өкүлдөрүн залдан чыгарышты.

Анын алдында кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштын себептери жана соңку протоколдун кесепеттери тууралуу Султанбай Айжигитов менен Мирлан Самыйкожо билдирүү жасаган. Анда да Айбек Маткеримов чыгып жабык кароону сунуштаган, бирок добушка койгондо өтпөй калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости