www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламенттин бүгүн, 28-сентябрдагы жыйынында атайын кайрылуу менен чыкты. Анда соңку кездери мыйзам чыгаруу органына чоңсунгандар, жаманатты кылып, басынтуу аракеттери көбөйгөнүн билдирди.

Буга байланыштуу ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, аны өлкөдөгү соңку жагдайга байланыштуу маалымат берүүгө чакырды.

"Ансыз деле "жал-куйругу" кыркылган парламентти ого бетер басынтып, жаман көрсөтүүгө аракет кылып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү. Эч ким эч качан эч кимдин "этегине намаз" окубашы керек. Урматтуу калк, силердин турмушуңар менен өлкөнүн тагдырын өз мойнуна алган мамлекет башчы бар. Силер кароосуз калган калк эмессиңер. Ар бир сурооңорго жооп алышыңар керек.

Анткени бүт милдетти өз мойнуна алып, жооп берет деп президенттик башкарууну тандагансыңар. Баткендеги шалаакылыкка, кайдыгердикке сөзсүз жооп берилиши керек. Урматтуу президент, чындык ачуу болот, чыдагыла. Бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, биздин үндү туура, так жеткирсин деп эл бизди шайлап берген. Эл бизди жабык жыйындарды өткөрүп, жабык жармаңке курсун деп добуш берген эмес.

Ачык айтылып, үнүбүз түз жетсин деп добуш берген. Бирок кечээки окуяларды кантип жашырабыз? Купуя деп биз жашырганыбыз менен чек арада чеп болуп турган элдин көзүн таңып, оозун баса алабызбы? Чар-жайыт иш алып барган чалгындоо ишине ким жооп берет?

Урматтуу президент, керек болсо мамлекеттик жетекчилерди алып, парламентке келип жогоруда айтылган маселелерге жооп алып беришиңиз керек деп чакырып кетем. Эл ушуну күтүп жатат. Болбосо эл үчүн жасап жаткан аракеттериңиз, маяна, пенсияны көтөрүү, мектеп-ооруканаларды куруу өңдүү иш-аракеттериңиз кумга сиңген суудай кургайт", - деди депутат Самыйкожо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости