www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун, Кара-Суу районунда жасалма документ менен, башка жарандардын атына ири суммадагы насыяларды мыйзамсыз тариздөөгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылдын июль айынын аягында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 11 жаран арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, белгисиз адамдар алардын аты-жөнүн колдонуп, ири суммада насыя алып, төлөбөй жүрүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү катары Кара-Суу шаарынын тургуну Х.Т. жана сактык кассанын кредит бөлүмүнүн мурдагы адиси Б.Г. кармалган. Маалым болгондой, Х.Т. 2024-жылдын декабрынан 2025-жылдын июнуна чейин жабырлануучулардын атынан 250 миңден 500 миң сомго чейинки насыяларды тариздетип, ал акчанын басымдуу бөлүгүн өзү алган. Ал жабырлануучуларга ай сайын төлөөгө убада берип, бирок милдеттенмесин аткарган эмес.

Тергөө натыйжасында, Х.Т. менен Б.Г. жалпысынан 4 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды мыйзамсыз тариздеп, жеке керектөөлөрүнө короткону аныкталды.

Атлган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмү (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, айыпталуучуларга «башка жакка чыкпоо» бөгөт чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

ИИМ жарандарга кайрылып, эгер бул окуя боюнча кошумча маалымат же башка жабырлануучулар болсо, төмөнкү номурларга кайрылууну суранат: 0990 019 090, 0551 763 076.

 

Последние новости