www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Суу районунда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен алектенген топтун ишмердүүлүгү токтотулду, деп билдирди УКМК.
Тактап айтканда жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга тиешеси бар адамдар кармалды.
«Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык жасалмачылык) жана 339-беренесинин 4-бөлүгү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүнүн айыл чарба, жер маселелери жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Б.Ш.А., Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн башкы адиси Т.А.Π., Агрардык өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары А.М.М. жана коомдук комиссиянын мүчөлөрү Б.О.Н., Ю.И.М. Ачы участкасындагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу жана бөлүштүрүү боюнча коррупциялык схема уюштурушкан.
3-июлунда аталган адамдар кармалып, абагына киргизилди»,- дейт УКМК.