www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Карагер» алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү адам кармалды, деп билдирди бүгүн, 5-мартта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.

2019-жылдын сентябрь айынын аягында борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Ал Аламүдүн-1 кичи районундагы батирин саткан таанышынын үстүнөн арызданды.

Бул факт жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») менен катталган.

Борбор калаанын милициясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 1988-жылы туулган А.А. кармалды. Ал адам буга чейин бир нече жолу соттолуп, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган. «Карагер» лакап аты бар.

Шектүү Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Милиция шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин текшерет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости