www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Депутат Бакыт Райымкуловду берки депутаттардай “чимкиригин” агызып жүрө берет деп ойлогонмун. Кечээтен бери Батышчылдарга каршы чыгып, кайраттуу болуп кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөп жатканы мени аябай кубантты”, - деди бүгүн, 5-мартта NazarNews маалымат агенттигине “Апрель Баатыры” Кайып Шери.

-“Дат баспаган алтындай” болгон депутат болсоң ушундай бол! Бой десең бой, ой десең ой, эр мүнөз, коомдогу баардык процесстерди баалап билген, оюн башка депутаттарга караганда эркин айта алган эл өкүлү экен. Эртеңкиден элдин үмүтүн арттырган так ушул депутат экени көрүндү, досунун сатпаганы жакты. Депутаттын баары эле чимкирик эмес да, арасында мыктыларда бар. Көп депутаттар Райымкулов менен Тиллаевге карай түздөнсө, атаганат. Кечээ, 4-мартта Райымкуловдун парламентти жара сүйлөгөнү жан-дүйнөмө жагып, мыкты мырза экен деп калдым. Мындай депутаттарды кайрадан эл өкүлү кылбаса болбойт. Бул жигитти 30 жыл депутат кылса жарашат. Кыргыз коому тууга карай кандай түзөлсө, эми кыргыздын кызыкчылыгын көздөгөн Бакытбек Райымкуловго карай түздөнсөк болот, - дейт Кайып Шери.

Эске сала кетсек, 4-мартта ЖК депутаты Бактыбек Райымкулов Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн мыйзамдарды көтөрүп чыгып, батышчыл бейөкмөттөргө каршы чыгып сүйлөгөн жалгыз депутаттын бири болду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости