www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракалпакстандагы башаламандыктан 243 адам жабыр тартты. Алардын арасынан 149 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө барууга уруксат берилди. Бул тууралуу Өзбекстан Улуттук гвардиясынын командири, Каракалпакстандын коменданты Рустам Жураев билдирди.

Азыркы учурда 94 адам ооруканада дарыланууда. Алардын арасында оор жаракат алгандар да бар. Коменданттын маалыматы боюнча, башаламандык учурунда 14 жаран жана 4 аскер кызматкери каза болгон.

«Каза болгон 14 адамдын арасынан 13 адам мас абалында болгон», - деп билдирди Жураев.

Буга чейин Башкы прокуратуранын берген маалыматы боюнча, 1-2-июнда Нукуста болгон башаламандыкта 243 адам жабыркап, медициналык тез жардам кызматына кайрылышкан.

Алардын арасынан 38 адам укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Укук коргоо органдары тарабынан кармалган 516 адам бошотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости