www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолдошумду кумар оюнунан кантип алыстатам?

Үйлөнгөнүбүзгө бир жыл болду. Күйөөм кумар ойнойт экен, кредит, карыздары толтура. Иштейт, бирок акчасынын баарын жок кылат. Күйөөмдүн адамдык сыпаты, мүнөзү аябай жакшы.

Мамилебиз да жылуу. Бирок, үйдөн чыгып эле жок болуп кетет. Аябай кыйналып кеттим. Үйгө келбей, күндөп-түндөп безгенде жүрөгүмдү оорутат.

Күнүмдүк оокат, башка иштер менен иши да жок. Мени бир гана ушул нерсе түйшөлтөт, башынан өткөндөр түшүнсө керек. Психологиянын баарын изилдеп, колдондум, жылыш болбой жатат.

Ата-энем “балалуу боло электе ажыраш” деп атышат. Ушул нерсени билген, түшүнгөн эжелер, кеңешиңиздерди бериңиздерчи?

Учурда кумар, казино оюндарына да уруксат берилүүдө. Меникиндей тагдырга дуушар болгондор кантебиз?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости