www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-майда Каракол шаарына 10 жаңы заманбап автобустар алынып келингенин мэриядан билдиришти.

Бул эл ташуучу автобустар мындан ары Каракол–Бишкек, Каракол–Алма-Ата жана Каракол–Ташкент багыттары боюнча каттамдарга чыгарылат. Жаңы унаалар алыскы сапарларга ылайыкталып, жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар менен камсыздалган.

Жаңы автобустардын каттамга чыгышы аймактагы жүргүнчүлөрдү ташуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жол жүрүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле Каракол шаарына келген туристтердин агымын көбөйтүп, туризм тармагын өнүктүрүүгө дагы оң таасирин тийгизет.

Эске сала кетсек, жакын арада дагы 20 жаңы автобустун келиши күтүлүүдө. Алар шаар ичиндеги каттамдарга чыгарылып, Каракол шаарындагы коомдук транспорт системасын жакшыртууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.

Бул кадам шаар аралык жана шаар ичиндеги жүргүнчү ташуу тармагын өнүктүрүүгө жасалган маанилүү аракеттердин бири болуп саналат.

Последние новости