www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарындагы И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин жыйындар залында мугалимдер жана 1-2-курстун студенттери үчүн “Экстремизмди жана терроризмди алдын алуу” темасында түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чарага Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Килебаев, колледждин директору Алмаз Азаматов, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Омбудсмени Айзада Исмаилова катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга экстремизм жана терроризм түшүнүктөрү, алардын коомго тийгизген терс таасири, ошондой эле мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча мыйзамдык негиздер тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле жаштарды радикалдуу агымдардан сактоо, маалыматтык коопсуздук жана жарандык жоопкерчилик темаларына өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чара интерактивдүү форматта өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Уюштуруучулар мындай түшүндүрүү иштерин мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.