www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмаларын жана “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында Сары-Өзөн базарында өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуу Биринчи май районунун башчысынын орун басары Азиз Байысовдун жетекчилиги алдында өтүп, ишкерлер жана кардарлар үчүн эвакуациялык машыгуулар көрсөтүлдү.

Андан тышкары, техника өтүүчү аймактын өтүүмдүүлүгү текшерилди: өрт өчүрүүчү унаалар чыныгы өрт чыккан учурда аймактын техниканы откөрүүгө жеткиликтүүлүктүгүн текшерүү үчүн бардык өтмөктөрдөн жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдордон өтүштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Биринчи май району боюнча башкармалыгынын адистери тактикалык өрт коопсуздугу боюнча соодагерлер арасында түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү.

Базардын администрациясы ошондой эле мүмкүн болгон өрттөргө тез арада жооп кайтаруу жана авариялык жабдуулар келгенге чейин базардагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу өрт өчүрүү бригадасын түзөт.

Последние новости